Жаңылыктар

Кандай учурларда сизге Россия Федерациясына кирүүгө сизге баш тартышы мүмкүн?

– медициналык камсыздандыруу полиси жок болгон учурда жана соттуулугу алынбаган же жоюлбаган болсо

– Россия Федерациясында төлөнбөгөн айыптар жана салыктар боюнча карыздар толук кайтарылып берилгенге чейин

– эгерде сиз өлкөдө документтерсиз 90 күндөн ашык болсоңуз, анда 180 күндүн ичинде – Россия Федерациясына кирүүгө 3 жылга тыюу салынат;

– 3 жылдын ичинде 2 же андан ашык администрациялык укук бузууларды жасагандыгы жана ушул үчүн административдик жоопкерчиликке тартылгандыгы үчүн – Россия Федерациясына кирүүгө 3 жылга жол берилбейт;

– миграциялык режимди бузгандыгы үчүн 1 жыл ичинде 2 же андан ашык жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандыгыңыз үчүн – Россия Федерациясына 5 жылга кирүүгө тыюу салынат;

– Россия Федерациясында болуунун мыйзамдуу мөөнөтүн 30 күндөн ашса, – Россия Федерациясына кирүүгө 3 жылга жол берилбейт, 180 күндөн 270 күнгө чейин – Россия Федерациясына кирүүгө 5 жылга жол берилбейт, 270 күндөн ашса – Россия Федерациясына кирүүгө 10 жылга тыюу салынат.

Ошондой эле, кирүүгө тыюу салынгандан тышкары, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик же жазык жоопкерчилиги каралган.