Жаңылыктар

Жарыяланды

Мигранттарга бир патент боюнча бир нече аймактарда иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн

Каржы министрлиги эмгек мигранттарына бир эле учурда бир нече аймактарда патент менен иштөөгө мүмкүндүк берүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыгууга киришти. Документти даярдоонун башталышы тууралуу билдирүү ченемдик укуктук актылар порталында жарыяланды, деп белгиледи Ведомости.

Долбоор “Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт”, – деп айтылат документ картасында. Мыйзам долбоору кабыл алынса, түзөтүүлөр расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кириши мүмкүн. Билдирүүдө ошондой эле премьер-министр Михаил Мишустин менен вице-премьер-министр Татьяна Голикованын февраль айынын аягында жасаган тапшырмасы боюнча даярдалганы айтылат.

«Ведомости» Каржы министрлигине жана өкмөткө чет элдиктер патент менен иштей ала турган региондордун мүмкүн болгон санын, ошондой эле аны алуу шарттарын тактоо өтүнүчү менен кайрылуу жолдоду.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *