Бул сынактан ким өтөт?

Россиянын мыйзамдарына ылайык, документтерди алуу үчүн чет өлкөлүк жаран орус тилин, орус тарыхын жана орус мыйзамдарынын негиздерин билгендигин тастыктаган сертификатты бериши керек. Сертификат жарандын эркин иштөөсүнө жана жашоосуна шарт түзө турган деңгээлде оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктайт. Комплекстүү сынактан өтүү үчүн зарыл болгон минималдуу билим деңгээлине карата талаптар Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Экспертиза өткөрүүгө сертификатталган борборлор гана укуктуу.